Кулжа 14, 2025
Убакыт: 17:28
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Садыр Жапаров Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү

24.03.2021 16:31
710
Садыр Жапаров Сокулуктагы реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү

Президент Садыр Жапаров Сокулуктагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборуна жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жапаровдун Телеграм-каналында айтылат.


Маалыматка ылайык, аталган борборго 1 миң 50 таңгак (35 миңден ашык) жалаяк жеткирилди.


Сокулуктагы реабилитациялоо борборунун директору Бакытбек Абдиев президентке көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.


"Биз Садыр Жапаровдон көптөн күткөн белекти алдык. Балдарга керектүү 1 миң 50 таңгак жалаяк келди. Жалаяктар 10 айга жетет. Чоң рахмат", - деди Абдиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн