Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 03:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Садыр Жапаров: Элибизди арзан электр энергиясы менен камсыз кылышыбыз керек

28.12.2022 14:27
398
Садыр Жапаров: Элибизди арзан электр энергиясы менен камсыз кылышыбыз керек

Элибизди арзан электр энергиясы менен камсыз кылышыбыз керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин жылдын жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.


Президенттин айтымында, Кыргызстан Кудай берген суу байлыктары менен электр энергиясын импорттогону туура эмес.


"Кыргызстан сууларга бай өлкө. Бирок электр энергиясын кошуна жана боордош өлкөлөрдөн импорттоо сатып алат.

Электр энергия тармагын көз карандысыздыкка чыгарууда Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушу маанилүү роль ойнойт.

Биз элибизди арзан электр энергиясы менен камсыз кылып, өлкөнү энергетикалык көз карандысыздыкка чыгарышыбыз керек",- деди президент Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн