Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июлда Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду.
Монумент «Дусти» аянтында орнотулган жана улуттук биримдикке арналган мемориалдын борбордук бөлүгү болуп саналат.
Комплекс 1999-жылы Саманид державасынын 1100 жылдыгына карата ачылган жана Тажикстандын тарыхый мурасынын жана эгемендүүлүгүнүн улантуучулугун символдоштурат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн