Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтө башташты, - депутат

12.09.2024 12:19
333
Шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтө башташты, - депутат


Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлери катары көрсөтө баштаганын билдирди.


Анын айтымында, шылуундар жарандарга 100 миң сом которуп, анан телефон чалып, өздөрүн Улуттук банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, акчаны жаңылып которгондугун айтып, кайра кайтарып берүүнү суранышат. Бул үчүн, шилтемелерди жөнөтүшөт. Жарандар аларды басканда ага онлайн насыя берилет.


Эскерте кетсек, жыйында онлайн насыя маселеси депутат Сүйүнбек Өмүрзаков тарабынан да көтөрүлүп, ал мындай насыяларды берүү системасын татаалдаштырууну суранган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн