Кулжа 11, 2025
Убакыт: 17:16:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.50
100.50
RUB
1.105
1.130

Шайлоо өткөрүүгө бюджеттен канча каражат жумшалды? Өкмөт башчынын жообу

02.10.2020 10:46
1204
Шайлоо өткөрүүгө бюджеттен канча каражат жумшалды? Өкмөт башчынын жообу


Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 723 млн сом каралган. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.


Анын айтымында, 29-сентябрга карата 478,1 млн сом которулган. 


Шайлоо тилкелери жеке коргонуучу, дезинфекциялоочу каражаттар, беткаптар менен толук камсыздалды.


"Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн жүрүшүндө жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыгып бекитилген. Учурда анын негизинде иштер жүргүзүлүп жатат”, - дейт ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн