Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 02:58
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Шайлоо: Ысык-Көлдө мыйзам бузуу катталган жок

28.11.2021 19:47
571
Шайлоо: Ысык-Көлдө мыйзам бузуу катталган жок

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук-саясий кырдаал тынч, шайлоо тилкелеринде кандайдыр бир коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Шайлоо участкаларында милиция кызматкерлери менен бирдикте коомдук тартипти элдик кошуундардын өкүлдөрү, автомектептердин курсанттары жана ички иштер органдарынын ардагерлери камсыз кылууда.


Ысык-Көл ОИИБден белгилегендей, борбордук башкармалыгында, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндө, тартылган күчтөрдүн жана каражаттардын ишмердүүлүгүн кардинациялоо боюнча штабдар түзүлгөн, жетекчилик курамдын тынымсыз кезмети уюштурулган, кошумча күчтөрдүн жардамы менен калктуу пунктардын көчөлөрүндө кайгуул иштери жүргүзүлүп, алардын айрым бөлүгү шайлоо участкаларына жакындатылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн