Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 05:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Шаардык кеңеште Айсулуу Тыныбековага мамлекет тарабынан берилген батир маселеси каралат

10.06.2020 17:15
1372
Шаардык кеңеште Айсулуу Тыныбековага мамлекет тарабынан берилген батир маселеси каралат


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында дүйнө чемпиону атыкканда мамлекет тарабынан берилген батирди спортчу айымга калтыруу каралууда. Мындай сунуш Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жиберилген.


Маалыматка ылайык, 2019-жылы президент Сооронбай Жээнбеков Тыныбековага Бишкек шаарында жайгашкан үч бөлмөлү батирге сертификат берген. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жетекчиси Нурдин Тынаевдин билдирүүсүнө караганда батир азыр Бишкек мэриясынын мүлкү болуп саналат.


Мындан улам, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага батирди кайтарымсыз берүү үчүн уруксат керек. Учурда бул маселе шаардык кеңеште каралып жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн