Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 05:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Россияда кыргызстандык жаш жубайлар жол кырсыгынан каза болду

25.10.2021 14:35
712
Россияда кыргызстандык жаш жубайлар жол кырсыгынан каза болду

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Ханты-Мансийск автономиялык округунун Когалым жана Ноябрск шаарларынын ортосундагы унаа жолунда болгон жол кырсыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандары 1999-жылы туулган А.А. жана 2002-жылы туулган К.А. (жубайлар) каза болгондугуна байланыштуу маалымат берди.


Кыргыз Республикасынын Сургут шаарындагы Элчилигинин кеңсеси каза болгондордун жакын тууганы менен жолугушуу өткөрдү, ага сөөктөрдү Кыргыз Республикасына кайтаруу боюнча чыгымдарды жабуу үчүн мамлекеттен бир жолку төлөм алуу тартиби түшүндүрүлдү.


Ошондой эле, каза болгондордун сөөгүн Кыргыз Республикасына жеткирүүгө уруксат кагаздарын алуу боюнча тез арада чечим кабыл алуу үчүн Когалым шаарынын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.



Бул маселе Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиликтин Сургут шаарындагы кеңсесинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн