Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Рим папасы Франциск каза болду

21.04.2025 16:33
176
Рим папасы Франциск каза болду


Рим папасы Франциск бүгүн Ватикандагы Каса-Санта-Марта резиденциясында 88 жашында каза болду. Бул тууралууу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.


Маалыматка караганда, бир күн мурун ал Пасха майрамында динчилдердин алдына чыгып, Ватикандагы Ыйык Петр чиркөөсүнүн балконунан кол булгалаган. Муну менен катар ал Украинада жана Газадагыларды тынчтыкка чакырган. Бул анын ооруканага жаткырылгандан бери беш жуманын ичинде биринчи жолу эл алдына чыгышы.


Эске салсак, Рим папасы Франциск буга чейин 14-февралда курч респиратордук инфекция менен Римдеги Гемелли ооруканасына жаткырылган.


Кийин ага эки тараптуу пневмония диагнозу коюлган. Март айынын башынан бери анын абалы жакшырып, 23-мартта ооруканадан чыгарылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн