Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 17:01
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Путин: Россия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилеси бекемделүүдө (видео)

18.05.2021 15:21
1116
Путин: Россия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилеси бекемделүүдө (видео)

Россия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилеси бекемделүүдө. Мындай пикирин Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстан Россиядагы элчиси болуп дайындалган Гүлнара-Клара Саматка ишеним грамотасын тапшырып жатып билдирди. 


"Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат. Биздин өз ара ишенимибиз жана бири-бирибизге болгон сый-урматыбыз бар. Россия менен Кыргызстан соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара аракеттенишүүдө. Биз биргеликте Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө салым кошобуз. 24-майда Сочиде боло турган Президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз",- деди Путин.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн