Бугу 12, 2025
Убакыт: 21:23
USD
87.30
87.80
EUR
97.00
98.00
RUB
1.045
1.100

Президенттин тапшырмасы менен Бишкектеги Жүрөк хирургиясы борборуна кошумча жабдуулар алынды

12.05.2025 16:57
30
Президенттин тапшырмасы менен Бишкектеги Жүрөк хирургиясы борборуна кошумча жабдуулар алынды


8-майда президент Садыр Жапаров убактылуу Республикалык диагностикалык борбордун имаратында жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун (ЖХжОТИИ) борборуна барган.


Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, президент “Global Cardiac Alliance” эл аралык командасынын иши менен жеке таанышып, жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга жардам көрсөтүүнүн көйгөйлөрүн жоюу боюнча бир катар ыкчам тапшырмаларды берген.


Саламаттык сактоо министрлиги, КММАнын командасы, “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы, ЖХжОТИИ жана кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте бардык кемчиликтер жоюлду.


Атап айтканда:


- Жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтаптарды көзөмөлдөө үчүн кошумча УЗИ аппараты орнотулду.


- Стерилизация бөлүмү борбордун жер төлөсүнө жайгаштырылып, ишке киргизилди.


- Борбор кошумча хирургиялык шаймандар топтому менен камсыз болду.


- “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду жана “Кыргызфармация” тарабынан дары-дармек жана керектүү материалдар толук камсыздалды.


- Операциялык бөлмөлөргө, жандандыруу жана башка бөлүмдөргө төрт жаңы кондиционер орнотулду.


ЖХжОТИИ имаратында болгон өрт кырсыгынан кийин борбор убактылуу Республикалык диагностикалык борборго көчүрүлгөн. Бирок ушул жумада институттун негизги имаратында оңдоо иштерин баштоо пландалууда. Ошону менен катар кошумча медициналык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бул клиниканын толук кандуу иштешин калыбына келтирип, балдарга көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.


Бул тармакты чыңдоо боюнча иштер президенттин аталган медициналык мекемеге болгон акыркы сапарында берилген тапшырмаларынын алкагында улантылат. Мамлекет башчысы балдардын өмүрү менен саламаттыгын мамлекеттик саясаттын артыкчылыгы катары так белгиледи.


Эске салсак, 2-майдан бери борбордо “Global Cardiac Alliance” уюмунун тажрыйбалуу адистери менен биргеликте операциялар жүргүзүлүп жатат. Жалпысынан операцияга 70 бала тизмеге алынган. Анын ичинен 30 бала операцияга толук даяр, 7 балага операция жасалды, алардын 4үнүн абалы туруктуу. Тилекке каршы, дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, операциядан кийин үч наристенин өлүмү катталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн