Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:32
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Президенттин "Мейкин" сыйлыгы 17-декабрда тапшырылат

06.12.2024 14:56
283
Президенттин "Мейкин" сыйлыгы 17-декабрда тапшырылат


Президенттин "Мейкин" сыйлыгын тапшыруу аземи 17-декабрда өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.


Комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарууга арналган маалымат жыйында белгиленгендей, иш-чара өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда болмокчу.


"Айрым ЖМКлар редакциялык саясатына байланыштуу баш тартышты. Биз тараптан сынакка катыштырбай коюуга чектөө коюлган жок. Кийинки жылдары бул сыйлыкка өзгөртүүлөр киргизилет", — деди Орунбеков.


Жыйында комиссиянын мүчөлөрү түшкөн материалдарды калыс баалоого шарт түзүлүп, басым-кысым болбогонун белгилешти.


Президент Садыр Жапаров журналисттер үчүн президенттик "Мейкин" сыйлыгын негиздеген.


"Мейкин" сый акысы жыл сайын берилип турмакчы. Сыйлыктын байге фонду 10 миллион сомдон ашып, 10 номинациянын ар бирине 1 миллион сомдон сый акы каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн