Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Президент Садыр Жапаров юстиция министрин кабыл алды

17.04.2025 09:39
193
Президент Садыр Жапаров юстиция министрин кабыл алды


Президент Садыр Жапаров 16-апрелде юстиция министри - министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовду кабыл алды.


Аяз Баетов мамлекет башчыга мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө жарлыктын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал президентке эки отурум өткөргөн тиешелүү комиссиянын ишинин алгачкы жыйынтыктарын маалымдады, ошондой эле жарлыкты ишке ашыруунун алкагында аткарылып жаткан чаралар, негизги багыттар жана сунуштар тууралуу маалымат берди.


Садыр Жапаров жарандарга да, мамлекеттик органдарга да маанилүү долбоорлорду ыкчам жана натыйжалуу ишке ашырууга тоскоол болуп жаткан ашыкча бюрократияны азайтуу боюнча көрүлүп жаткан кадамдардын өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.


«Мамлекеттик аппарат таасирдүү, жыйнактуу жана мезгилдин чакырыктарына ыкчам жооп берүүгө жөндөмдүү болушу керек. Биз тез аракеттенүүгө, өз убагында жана салмактуу чечимдерди кабыл алууга милдеттүүбүз. 

Өткөндөгү түйшүктүү жана инерттүү механизмдер азыркы замандын талаптарына жооп бербей калды», - деп баса белгиледи мамлекет башчысы.


Президент Садыр Жапаров иштин темпин ыкчамдатууну жана ведомстволор аралык координацияны күчөтүүнү тапшырып, бюрократиядан арылтуу мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлине таасир этиши керектигин белгиледи. Ал ошондой эле бул багыттагы реформаларды жүзөгө ашыруунун мындан аркы кадамдары боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн