Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:22
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Парламентке өткөн төрт партия канча мандаттан алат? (тизме)

05.10.2020 09:41
1301
Парламентке өткөн төрт партия канча мандаттан алат? (тизме)


Кыргызстандагы парламенттик шайлоого жалпы 1 миллион 604 миң 562 жаран катышты. 


БШКнын маалыматына караганда, бул шайлоочулардын санынын 45,54 пайызын түзөт. Жалпы 3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Бирок биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.


Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча төрт партия 7 пайыздык босогодон өттү:


"Биримдик" — 24,45%;

"Мекеним Кыргызстан" — 23,95%;

"Бүтүн Кыргызстан" — 7,09%;

"Кыргызстан" — 8,76%.


Алынган маалыматтын негизинде мандаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөрү болжолдонду:


“Биримдик” — 46 мандат;

“Мекеним Кыргызстан” — 45 мандат;

“Кыргызстан” — 16 мандат;

“Бүтүн Кыргызстан” — 13 мандат.


Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Забира Таштанова
1-класстагы кызым кейип отурат Мадумаров дагын копуроо салганда 1-орунду алмак деп .Ото кейиштуу бирок ушуга да Аллага шугурлор болсун.Аллахым карапайым калктын унун укту кабыл кылды .БК партиясын илештирди.