Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Пара талап кылуу фактысы менен кармалган депутаттын инисине айып пул салынды

23.03.2021 16:29
732
Пара талап кылуу фактысы менен кармалган депутаттын инисине айып пул салынды

Пара талап кылуу фактысы менен кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөнөвдун иниси Бахтияр Төлөновго Бишкек шаардык соту өкүм чыгарды. Чечимге ылайык Биринчи Май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган. 



2021-жылдын 17-мартында Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Тактап айтканда, Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун директору Бахтияр Төлөнов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынган.


Эске салсак, Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультациялык борборунун директору Бахтияр Төлөнов Финпол кызматкерлери тарабынан 2020-жылдын 9-январында Жибек Жолу проспектиси менен Манас проспектисинин кесилишиндеги «Мира» кафесинен кармалган. Ал 800 доллар пара менен кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн