Кулжа 06, 2025
Убакыт: 05:31
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.102
1.125

Пакистанда жер титирөө учурунда 200дөн ашуун туткун абактан качып кеткен

04.06.2025 09:54
53
Пакистанда жер титирөө учурунда 200дөн ашуун туткун абактан качып кеткен


Пакистандын түштүгүндөгү Карачи шаарында жер титирөөдөн улам камераларынан убактылуу чыгарылган 200дөн ашуун туткун абактан качып кетти. Бул тууралуу “Казинформ” маалымат агенттиги жазды.


Полициянын улук офицери Кашиф Аббасинин айтымында, алар камераларынын сыртында жүргөндө бир топ туткундар күтүүсүздөн күзөтчүлөргө кол салып, курал-жарактарды тартып алышып, ок чыгарып, андан соң качып кетишкен. 78 туткун дароо кармалып, 213ү качып кетүүгө жетишкен.


Аббаси атышууда бир туткун каза таап, үч коопсуздук кызматкери жарадар болгонун, бирок кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалаган.


Сейсмикалык мониторинг боюнча улуттук борбордун маалыматына ылайык, акыркы суткада Карачиде күчү 2,6дан 3,4кө чейин болгон бир нече жер титирөө катталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн