Кулжа 18, 2025
Убакыт: 00:18
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен наристенин денеси табылды

Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен наристенин денеси табылды

Кара-Сууда каналга түшүп кеткен 1,5 жашар ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тойчу айылында 1997-жылы туулган И.М. аттуу аял 2018-жылы жана 2020-жылы туулган кыздары менен Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен.


Жергиликтүү тургундар тарабынан аял жана анын 2018-жылы туулган кызы суудан аман-эсен чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.


27-сентябрь күнү издөө иштеринен натыйжа болгон жок.


Бүгүн, 28-сентябрь күнү жерине кызды издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден 16 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган.


Издөө иштердин натыйжасында саат10:50дө куткаруучулар тарабынан 1,5 жашар кыздын сөөгү табылды. Кыздын сөөгүн туугандарына өткөрүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн