Кулжа 15, 2025
Убакыт: 13:30
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Оштогу "Бабур" театры Өзбекстан тарабынан реконструкцияланат

14.09.2021 09:28
1790
Оштогу "Бабур" театры Өзбекстан тарабынан реконструкцияланат

Бабур атындагы Ош драма театры толук реконструкциядан өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.


Кечээ, 13 -сентябрда Ош шаарында жайгашкан Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театрынын толук реконструкциясы башталды. Шаардын вице-мэри Жасур Азимов баштаган жумушчу топ жеринен кабар алып, аткарылып жаткан иштер боюнча таанышты. 


Реконструкциялоо Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эл аралык эки тараптуу социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдоо боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык башталган. Театрды реконструкциялоону аяктоо келерки жылдын башында пландалууда. Жумуштун жалпы баасы 5 миллион долларды түзөт.


Көрсөтүлгөн долбоорго ылайык, театрдын имараты толугу менен оңдолот.


Оңдоп-түзөө иштери Өзбекстан Республикасы тарабынан каржыланат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн