Баш оона 01, 2025
Убакыт: 15:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.080
1.110

Ошто коменданттык убактын эрежелерин бузган 10 адамга 3 миң сомдон айып салынды

07.04.2020 13:01
1128
Ошто коменданттык убактын эрежелерин бузган 10 адамга 3 миң сомдон айып салынды


Ошто коменданттык убактын эрежелерин бузган 10 адамга 3 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу  Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.  


"Өткөн сутка аралыгында коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 10 жаран кармалды. Мыйзамга ылайык, 10 жаранга тең 3 000 сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле, 2 айдоочуга биринчиден коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 3 000 сом айып, экинчиден мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн 17 000 сомдон айып салынды. Ал эми жалпы облус боюнча оор кылмыш иштери катталган жок", - деди Нурдинов. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн