Кулжа 28, 2025
Убакыт: 12:52:47
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.105
1.135

Ошто 11-кабаттан боюн таштоого аракет кылган 17 жаштагы кыз куткарылды

13.05.2022 08:02
718
Ошто 11-кабаттан боюн таштоого аракет кылган 17 жаштагы кыз куткарылды

12-майда Ош шаарында көп кабаттуу үйдөн боюн таштоого аракет кылган 17 жаштагы кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.


Масалиев көчөсүндө курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн 11-кабатында 17 жаштагы К.А. аттуу кыз киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. 


Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, аталган кызды түшүрүп, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн