Күн мурун Ош шаарынын Г. Давыдов көчөсүндө (Шейит-Дөбө аймагы) жаңыдан курулган аллеянын ачылышы өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, жергиликтүү тургундар катышып, аллеяны бирге көрүп чыгышты.
Жаңы аллея шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап талаптарга ылайык курулган. Буга чейин Ош шаарынын мэри таңкы рейддин алкагында каралбай, мал сарайга айланган бул аймакка эс алуу жайын куруу тапшырмасын берген.
Ага ылайык, иретке келтирүү иштери жүргүзүлүп, аллеяга жаңы көчөттөрдү отургузуу менен бирге сугат системасы жана түнкү жарыктандыруу орнотулган. Айланасы тосулуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулган.
Шаар мэри жаңы жашыл аймак жашоочулар үчүн үй-бүлөлүк сейилдөө жайы катары кызмат кылып, мындан ары да көрктөндүрүп, таштанды жайына айлантпай таза кармоого чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн