Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору ачылды. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор "Шаньшуй Силк Роуд КейДжи" ЖЧКсы тарабынан КР президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында ишке ашырылды.
Долбоордун негизинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында заманбап медициналык дартаныктоо борборун уюштуруу каралган. Долбоорду ишке ашыруу былтыр декабрь айынан башталып имаратты капиталдык оңдоо, бөлмөлөрдү даярдоо, инженердик инфраструктураны камсыздоо жана ошол эле учурда жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды орнотуу иштери аткарылды.
Бүгүнкү күндө МРТ борбору толук ишке киргизилип, так жана жогорку сапаттагы дарт аныктоону жүргүзүүгө даяр. Ошентип, борборго United Imaging Healthcare компаниясы (Кытай Эл Республикасы) тарабынан чыгарылган uMR 580 модели орнотулду. Бул жаңы муундагы, магнит талаасынын жогорку чыңалуусу 1.5 Тесла болгон МРТ аппараты болуп саналат. Компания тарабынан долбоорго салынган жалпы инвестиция 1 млн доллардан ашты, бул суммага жабдуулар, монтаждоо, инженердик кызматтар жана курулуш иштери кирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн