Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:49
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ош мэриясында кадрдык дайындоо болду

29.06.2020 17:36
1184
Ош мэриясында кадрдык дайындоо болду



Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчисинин убактылуу милдетин аткаруучу болуп Осмонов Жалил Акылбаевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

 


Жалил Осмонов 1964-жылдын 27-мартында туулган.



1989-2000-жылдары мектептерде мугалим, 2000-2004-жылдары Алай райондук мамлекеттик администрациясында системалык администратор, жалпы бөлүмдүн башчысы, 2008-2012-жылдары Алай райондук кеңешинин депутаты, 2013-жылдан 2016-жылга чейин Өкмөткө караштуу граждандык курулуш департаментинин Алай райондук бөлүмүн жетектеген.

 

2016-2018-жылдары Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө каржы жана чарба секторунун башчысы, 2018-2019-жылдары “Синжи-Пирим” жоопкерчилиги чектелген ишканасында реализатор, 2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Ош Пирим-ОСкен” ЖЧКсында директорлук кызматта иштеп турган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн