Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ош менен Жалал-Абад облустарында дагы мамлекеттик дарыканалар ачылды

02.11.2023 09:34
932
Ош менен Жалал-Абад облустарында дагы мамлекеттик дарыканалар ачылды


Бүгүн, 1-ноябрда, Ош жана Жалал-Абад облустарында эки мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.


Дарыканалардын бири Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана экинчиси Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында ачылды.


Дарыканада 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектин түрү бар. Шаар тургундары дарыларды бул жактан 10-15 пайыз арзан сатып алышат.


“Учурда республика боюнча мамлекеттик дарыканаларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Алгач 46 дарыкана ачуу пландалууда. Келечекте дарыканалардагы дары-дармектердин ассортиментин 800дөн 2 миңге чейин көбөйтүү пландаштырылууда”, — деп айтылат маалыматта.


Буга чейин Ош шаарында дагы эки мамлекеттик дарыкана ачылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн