Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:24
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ооруканага кирип, кымбат баалуу телефон уурдаган жаран кармалды

16.09.2021 10:52
967
Ооруканага кирип, кымбат баалуу телефон уурдаган жаран кармалды

Биринчи Май райондук милициясы кымбат баалуу телефон уурдаган жаранды кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.


Маалым болгондой, 2-сентябрда Ч.Р. аттуу жаран милицияга кайрылып, ооруканадан баасы 105 миң сомдук "Самсунг НОТ 20 Ультра" телефонун белгисиз адам уурдаганы тууралуу арыз жазган.


Милиция иликтөөнүн жүрүшүндө 1998-жылы туулган Т.А. аттуу жаранды кармаган.

Ал телефонду уурдаганын мойнуна алып, телефонду кайтарып берген.


Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн