Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:56
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Октябрь районунда таштандыны сорттоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет

30.03.2021 13:56
788
Октябрь районунда таштандыны сорттоо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилет

 “Бишкек санитардык полигон” муниципалдык ишканасы Октябрь районундагы булакта, башкача айтканда контейнер аянттарында катуу калдыктарды өз-өзүнчө чогултуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “БСП” МИнин директору Адил Назаров билдирди.


Анын айтымында, пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарында таштандыларды бөлүп чогултууну кеңири жайылтуу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

“Келечекте бул комплекс борбор калаада кайра иштетүүчү ишканалардын курулушуна инвестиция тартуу үчүн керектүү аянтчаны түзүп берет. Ошентип, Бишкек мэриясы “калдыктан кирешеге” принцибин ишке ашырууга киришет”,-дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн