Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Каныбек Туманбаев: Санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырбаган жетекчилер кызматтан алынат

28.04.2025 17:51
14
Каныбек Туманбаев: Санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырбаган жетекчилер кызматтан алынат


Санариптештирүү иштерин жүзөгө ашырбаган жетекчилер кызматтан алынат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев аппараттык жыйында билдирди.


Туманбаевдин айтымында, ведомстволук уюмдардын ишмердүүлүгүн белгиленген мөөнөттө толук санариптештирүү керек. 


“Биз президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын так жана өз убагында аткарышыбыз керек. Мамлекеттик башкарууну ачык-айкын жана натыйжалуу кылуунун жолу — бул санариптик реформалар,” — деп белгиледи ал.


Ошондой эле “Кызмат” мекемеси башка мамлекеттик органдардын ишин санариптик чечимдер менен колдоого тийиш экендиги белгиленди.


Жыйындын жүрүшүндө “Ала-Арча” жаратылыш паркынын алдыдагы ишмердүүлүгү да талкууланып, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана экологиялык талаптарды бекем сактоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.


Акыркы эки жыл ичинде президенттин Иш башкармалыгында жана ага караштуу бардык ведомстволук уюмдарда санариптештирүү иштери кеңири жүргүзүлдү.


Маалыматка ылайык, 2024-жылы ведомстволук уюмдардын жалпы кирешеси 6 млрд сомго жетип, 2019-жылга салыштырмалуу 12,9 эсеге көбөйдү (2019-жылы — 462,9 млн сом). 98% кызмат көрсөтүүлөр жана төлөмдөр электрондук форматка өтүп, накталай акча жүгүртүү дээрлик токтотулду. Иш башкармалыктын ички документ жүргүзүүсү (кат алышуу, буйруктар, расмий чечимдер) толук электрондук форматка өттү. Ведомстволук уюмдар негизги процесстерди санариптештирип, тейлөө ылдамдыгын жана ачык-айкындуулукту жогорулатты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн