Кечээ, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга расмий сапар менен келген Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланып, парламенттер аралык байланыштарды мындан ары кеңейтүү тууралуу макулдашылды.
Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Россияны негизги стратегиялык өнөктөш катары эсептей турганын белгилеп, кызматташтыкты тереңдетүү мамлекеттер аралык алакаларды чыңдоого өбөлгө болорун билдирди.
“Жылдан-жылга байланыштарыбыз жаңы деңгээлге көтөрүлүп, эки өлкө башчыларынын 2023-жылы уюштурган расмий сапарлары өнөктөштүктү чыңдоого салым кошту. Бул багытта парламенттик дипломатия өзгөчө мааниге ээ. Андыктан, парламенттер аралык кызматташууну дагы да бекемдөөгө тийишпиз”, — деди төрага.
Ал ошондой эле Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Дума ортосундагы диалог КМШ ПАА, ЖККУ ПА жана “БРИКС+” өңдүү эл аралык аянтчаларда да активдүү өнүгүп жатканын эске салды.
Төрага ушул жылы июль айында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, биримдик жана өнөктөштүк жөнүндөгү декларацияга 25 жыл толорун белгилеп, бул маараке эки өлкөнүн кызматташуусун жаңы деңгээлге көтөрүү мүмкүнчүлүгү экенин кошумчалады.
Ал ошондой эле өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 3,5 млрд долларга жеткенин айтып, бул көрсөткүчтү жакынкы жылдары 5 млрд долларга чейин жогорулатуу керектигин билдирди. Ал бизнес коомчулуктун ортосундагы байланышты чыңдап, россиялык инвесторлор менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
Мындан тышкары, Кыргызстанда Россиянын жардамы менен 9 заманбап мектеп курулуп жатканы, учурда 16 миңден ашык кыргызстандык студент Россияда билим алып жатканы да белгиленди.
Миграция маселесине да токтолгон төрага, кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана алардын шарттарын жакшыртуу багытында биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Вячеслав Володин мындай жолугушуулар эки өлкө ортосундагы ишенимди бекемдеп, кызматташтыкты бардык багыттарда өнүктүрүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле ал кыргыз элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы салымын жогору баалап, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
“Кан майдандагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктери, алаамат маалында жер которуп келгендерди, айрыкча кичинекей балдарды өз бооруна тартып, өз балдарындай асыраган кыргыз энелеринин кайраттуулугу баарыбыздын эсибизде”, - деди Володин.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн