Кулжа 13, 2025
Убакыт: 02:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.80
101.80
RUB
1.085
1.125

Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту

26.05.2025 18:12
171
Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен жолугушту.


Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакалардын учурдагы абалы талкууланып, кызматташтыкты өнүктүрүү жаатындагы сунуштар айтылды. 


Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Армения менен болгон алакаларга чоң маани берерин белгилеп: “Эки мамлекет ортосунда конструктивдүү саясий диалог түзүлүп, керектүү келишимдик-укуктук база калыптанган. Биз мындан ары да жигердүү кызматташып, эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз”, – деди.


Тараптар экономикалык алакалар тууралуу да ой бөлүшүп, төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү мүмкүнчүлүктөрдү толук камтыбай тургандыгын баса белгиледи. 


“Интеграциялык бирикмелердин алкагында да кызматташтыкты өнүктүрүп, соода байланыштарын алдыга жылдыруубуз керек. Бизде мүмкүнчүлүктөр көп. Аларды туура пайдаланып, аймактар аралык кызматташтыкка да көңүл буруубуз кажет”, – деди Төрага.


Ал эми Армениянын президенти Ваагн Хачатурян акыркы жылдары жогорку деңгээлдеги жолугушуулар байма-бай өтүп жатканын эске салып, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун бул расмий сапары байланыштарды бекемдөөгө кошумча түрткү берерине ишенерин билдирди. 


Ошондой эле президент да эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көтөрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын экенин айтып, аталган багытта тыгыз иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду. 


“Биз Борбор Азияны жана андагы өлкөлөрдү чыгыш менен батышты байланыштырган көпүрө сыяктуу көрөбүз. Андыктан армян тарап чөлкөмдөгү мамлекеттер, анын ичинен Кыргызстан менен өнөктөштүктү бекемдеп, бардык тармактар боюнча кызматташууга кызыкдарбыз”, – деген Ваагн Хачатурян мында парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенин кошумчалады. 


Айрыкча бизнес коомчулуктун ортосундагы диалогду кеңейтип, жогорку технологиялар жаатындагы алакаларды да арттыруу зарыл экенин эске салды. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн