Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:49
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Нур-Султанда Кыргызстандын элчилигине жаңы имарат салынат

28.04.2022 09:21
783
Нур-Султанда Кыргызстандын элчилигине жаңы имарат салынат

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев менен Нур-Султан шаарынын мэри Алтай Көлгинов элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн жертилкесин бөлүп берүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушуу бүгүн болуп өттү.

“Анын жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташуунун актуалдуу маселелерин, атап айтканда, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата алдыда боло турган иш-чараларды, ошондой элеэки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Элчиликтин жаңы имаратын куруу үчүн казак тараптан жер тилкеси берилери айтылды”, — деп билдиришти ТИМден.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн