Кулжа 06, 2025
Убакыт: 20:44
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген соцобъекттер мамлекетке кайтарылды

05.06.2025 13:25
49
Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген соцобъекттер мамлекетке кайтарылды


Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан Гулистан жана Т.Зулпуев айыл аймактарында, ошондой эле Ноокат шаарынын аймагында текшерүү жүргүзүлүп, бир катар социалдык маанидеги объекттер мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги аныкталган. 


Атап айтканда, Гулистан айыл аймагындагы мектепке тиешелүү 1000 чарчы метр жер тилкеси жана маданият үйү 600 чарчы метр жери менен бирге, Т.Зулпуев айыл аймагындагы бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү 3300 чарчы метр жер тилкеси, Ноокат шаарындагы маданият үйүнүн 517 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилген.


Прокурордук чара көрүү актыларынын негизинде жалпы аянты 5 471 чарчы метрди түзгөн жана жалпы баасы 69,6 млн сомго бааланган жогорудагы социалдык объектилер жана жер тилкелер муниципалдык жана мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн