Кулжа 14, 2025
Убакыт: 09:26:35
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Ноокатта 7 жаштагы баланы негизсиз урган жаран кармалды

Ноокатта 7 жаштагы баланы негизсиз урган жаран кармалды

Ноокатта тамактануучу жайда жаш баланы урган жаранга кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.


 2023-жылдын 27-январь күнү социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видеотасма жарыяланган.


Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 30 жаштагы О уулу А кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн