Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:50
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Нарында бороондон улам 2 сутка жолдо калган унаалар куткарылды

10.03.2025 12:24
114
Нарында бороондон улам 2 сутка жолдо калган унаалар куткарылды


Нарында бороондон улам жолдо калган 7 унаа куткарылды.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Миң-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Кужур – Солтон-Сары унаа жолунун 43-чакырымында 9-март күнү кар жаап, бороондон улам кар күрткүсү пайда болгон.


Мындан улам, жолдо болжол менен 7 оор жүк ташуучу унаалар туруп калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына маалымдалган.


Жерине Кочкор райондук ӨКБдан 3 куткаруучу, Солтон-Сары алтын кен комбинатынан 3 жүктөгүч тартылып, бүгүн саат 05:30да жол толук тазаланып, жолдо туруп калган 5 оор жүк ташуучу унаа жана 2 Mercedes-Benz (1 спринтер, 1 сапог) үлгүсүндөгү унаалар чыгарылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн