Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 12:59
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Нарын дарыясына түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын денеси табылды

Нарын дарыясына түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын денеси табылды

Нарын дарыясына түшүп кеткен 14 жаштагы кыздын денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

                             

8-ноябрь күнү саат 17:41де 102 кызматынан Тогуз-Торо району, Кара-Суу айылындагы Нарын дарыясына Табылгыты айылынын жашоочусу 2007-ж.т. Б.кызы Д. аттуу кыз сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн 9-ноябрь күнү улантылды.


Аткарылган иш-чаралар: Тогуз-Торо райондук №46 ӨКБнөн 16 куткаруучу, РИИБден 15 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 36(6 адам ат менен) адам, туугандарынан 2 адам, жалпы 69 адам саат 08:28де жерине жетишип, Коён-Токой тилкесинен Дүкүр тилкесине чейинки аралыкта Нарын дарыясынын эки жак жээгинде 2 топко бөлүнүшүп издөө иштерин жүргүзүштү.


Саат 10:45те Б.кызы Д.нын жансыз денеси Сары-Булуң айыл аймагында, Нарын дарыясынан куткаруучулар жана жергиликтүү тургундар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

  

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн