Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:09
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Премьер-министр жана анын аппараты вирусту аныктаган тесттен өтүштү

06.04.2020 09:25
894
Премьер-министр жана анын аппараты вирусту аныктаган тесттен өтүштү


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегациянын 12 мүчөсү сыяктуу эле коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес аймактарда болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкек шаарына келери менен дароо коронавирустун бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүштү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди. 

Белгилей кетүүчү жагдай, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү. 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн