Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:42
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Москвадан ыктыярчы кыргызстандык дарыгерлер Бишкекке келди (сүрөт)

05.07.2020 16:32
1229
Москвадан ыктыярчы кыргызстандык дарыгерлер Бишкекке келди (сүрөт)

 

“Манас” эл аралык аэропортуна Москва-Бишкек каттамы менен 424 адам келди, алардын ичинде жардамга келген 26 ак халатчан да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.


Маалыматка ылайык, кайтып келген 424 адамдын ичинде Республикалык штаб тарабынан каржыланган жатаканаларда эки айдан бери күтүп жаткан 28 жаран, 26 ыктыярчы дарыгерлер, эки жашка чыга элек 26 ымыркай жана 30дан ашык кош бойлуу айымдар келген.


Кайтып келгендер медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынары айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн