Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:09
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Москвада бир суткада 53 адам коронавирустан каза болду

11.06.2020 10:00
1088
Москвада бир суткада 53 адам коронавирустан каза болду


Москва шаарында бир суткада 53 адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу шаардык оперативдүү штабдан маалымдашканын жергиликтүү ЖМКлар билдиришти. 


Шаар боюнча жалпы каза болгондордун саны 3 138 адамга жетти. Бейтаптар пневманияга чалдыгып, алардан коронавирус аныкталган. 


Буга чейин Москвада май айында 15 713 адам каза болгонун, алардын өлүмүнө коронавирус негизги себептердин бири болгону маалымдалган. Акыркы суткада Москвада 1 195 адамдан COVID-19 инфекциясы аныкталган. Пандемия башталгандан бери ооругандардын саны 199 миң адамды түздү.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн