Теке 21, 2025
Убакыт: 19:39
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Монголиянын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды

21.07.2025 10:36
24
Монголиянын президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды


Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды.


Монголиянын президентинин кортежин “Ынтымак ордого” атчандар коштоп келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, эки өлкөнүн гимни аткарылды. Мамлекеттик сапардын жүрүшү "Ала-Тоо 24" ” телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.


Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип буга чейин билдиргендей, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес форуму жана эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өтөт.


Ошондой эле визиттин статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңеш төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган жана эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.


Белгилей кетсек, бул - Монголиянын лидери Ухнаагийн Хурэлсухтун президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары.


Эске салсак, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух кечээ, 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапары менен келген. "Манас" эл аралык аэропортунда Монголиянын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн