Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышуу үчүн иш сапары менен Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарына келди.
Сапардын программасына Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен, атап айтканда, операциялар боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия боюнча вице-президент Антонелла Бассани менен жолугушуулар кирет.
Талкууда Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы учурдагы долбоорлору, артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүнүн перспективалары, ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу боюнча стратегиялык маанилүү долбоорду илгерилетүү маселелери каралаары күтүлүүдө.
Жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландалууда.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиевдин кыргыз-америкалык ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү – АКШнын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен тегерек столго катышуусу пландалууда.
Сапардын алкагында минкаб башчысы ошондой эле Американын алдыңкы корпорацияларынын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрөт, анда Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен тааныштыруу жана өз ара пайдалуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо пландаштырылууда.
Программа ошондой эле Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн өкүлдөрү менен билим берүү тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана ИӨБ менен келечектүү инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого катышуусун талкуулоо үчүн жолугушууларды камтыйт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн