Кулжа 21, 2025
Убакыт: 12:13
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Министр электр энергиясына болгон баа качан өзгөрөрүн айтты

31.03.2022 19:41
591
Министр электр энергиясына болгон баа качан өзгөрөрүн айтты

Кыргызстанда электр энергияга болгон тарифтер 2025-жылга чейин өзгөрбөйт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.


"2021-жылы кабыл алынган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бекитилди. Буга байланыштуу 2025-жылга чейин тарифтер өзгөрбөйт", — деди министр.


Белгилей кетсек, учурда бир киловатт-сааттын тарифи 0,77 сом. Ал эми 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн