Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 08:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Министр Ниязбеков жана ИИМдин жетекчилиги эмдөөдөн өттү

13.07.2021 10:20
1120
Министр Ниязбеков жана ИИМдин жетекчилиги эмдөөдөн өттү

ИИМдин жетекчилиги коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүнкү күнү өлкөнүн бардык аймагында жарандар COVID-19 каршы эмдөөдөн өтүшүүдө. Ички иштер министрлигинин башчысы Улан Ниязбеков орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана Эркебек Аширходжаев менен бирге коронавирус илдетине каршы вакцина алышты. Ал эми, министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков эмгек өргүүсүндө болгондуктан, ал кызматка келгенден кийин коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына вакцинаны алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн