Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:46
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Министр: Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында толугу менен реформа башталды

27.11.2023 13:15
447
Министр: Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында толугу менен реформа башталды


Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында толугу менен реформа башталды, эл анын жыйынтыгын бир жылдан кийин көрөт. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев УТРКнын эфиринде билдирди.


"Педиатрия, гинекология, нейрохирургия... 30 жылда мындай реформа жүргөн эмес. Реформа башталды, кудай буюруп баары жакшы болсо, жыйынтыгы бир жылда көрүнө баштайт", — деген министр.


Бейшеналиев Кыргызстан боюнча 2000ден ашык менчик стоматологиялык клиника иштээрин айтып, анын ичинен 804үнүн гана лицензиясы бар экенин кошумчалаган. Мындан сырткары, өлкөдө 50 мамлекеттик дарыкана ачылганын айтып, бул жакта дары-дармек 50 сомдон 300 сомго чейин арзан болуп жатканын белгилеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн