Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Мындан ары эреже бузган самокат айдоочулар жоопкерчиликке тартылат

18.04.2025 14:16
188
Мындан ары эреже бузган самокат айдоочулар жоопкерчиликке тартылат


19-апрелден тартып эреже бузган самокат айдоочулардын жоопкерчилиги карала баштайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.


Анын айтымында, минкабдын тиешелүү токтомуна ылайык, электр самокат, электр скейтборд, гироскутер, сигвейлер, монодөңгөлөктөр жана башка жекече мобилдүүлүк каражаттардын жүрүү кыймылы жана эрежеси иштелип чыккан. 


Эрежеге ылайык, 7 жашка чейинки жеке мобилдү каражаттар менен жүргөн жарандар ата-энесинин коштоосу жана башында коопсуздук шлеми менен жүрүүсү шарт.


Ал эми 7-14 жашка чейинки самокат менен жүргөндөр тротуарда, жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдордо жана велосипедчендер жүрүүчү тилкелерде жүрүүгө милдеттүү.


Ошондой эле жеке мобилдүү каражаттардын сөзсүз үн чыгаруучу, сигнал берүүчү каражаттары, тормоздук системасы ошондой эле алды жана каптал тараптарында жарык чагылдыруучу каражаттары болуусу шарт.


Эрежеде белгиленгендей, жеке мобилдүү каражаттардын ылдамдыгы саатына 25 чакырымдан ашпоого тийиш жана жүктөрдү ташууга, кошумча чиркегичтерди чиркөөгө да тыю салынат.


ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси бул эрежени сактабаган жеке мобилдүү каражаттардын башкаруучуларына миң сомдон 3 миң сомго чейин айып пулдар салынарын маалымдап, учурда жеке мобилдүү каражаттар деген түшүнүктү жол кыймылынын эрежелерине киргизилип жаткандыгын кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн