Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой унаа жолу асфальтталды

11.09.2023 12:21
531
Михайловка - Николаевка - Токтоян - Сары-Тологой унаа жолу асфальтталды


Түп районундагы Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине асфальт төшөлдү. Бул тууралу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы


Маалыматка владык, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштеп, жаңы алынып келинген техникалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатып, жумуштар белгиленген мөөнөттөн эрте жыйынтыкталды.  


Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Жер иштери июль айында башталган. Этап-этабы менен жасалган бул жол бардык нормаларга жооп берет. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн