"Улуттар Биримдиги" партиясынын лидери Мелис Мырзакматов кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештер, мен сиздерди кирип келген улуу Орозо айы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Өлкөбүзгө тынчтык, токчулук, береке кирсин. Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө кут консун. Сиздерге ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо каалайм.
Урматтуу шайлоочулар, дагы бир жолу сиздерге терең ыраазычылык билдирем",- деди Мырзакматов.
Пикирлер (1)