Кулжа 12, 2025
Убакыт: 00:52
USD
87.30
87.80
EUR
99.50
100.50
RUB
1.095
1.125

Мектепке жасалма документ менен катталгандар аныкталып, УКМК текшерүүнү баштады

27.05.2025 10:10
285
Мектепке жасалма документ менен катталгандар аныкталып, УКМК текшерүүнү баштады


Агартуу министрлиги менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 1-2-класстарды мектепке каттоо системасына биргелешкен мониторинг жүргүзгөн учурда бир нече мыйзамсыз каттоолор аныкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.


Мониторинг жүргүзүү учурунда Бишкектеги №29 мектепте 86 бала мыйзамсыз катталганы маалым болгон. Жасалма документтердин негизинде бир эле мыйзамдуу өкүлгө төрт жана андан көп баланы электрондук түрдө каттоо фактылары айкындалган.


Мыйзамсыз катталган балдардын маалыматы системадан өчүрүлүп, бошогон орундарга ошол аймакта жашаган балдар кабыл алынат.

Каттоонун экинчи этабы 2-июнда башталат. 

Каттоо онлайн-форматта 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу, ошондой эле «Түндүк», «Мбанк», «Мегапей» жана башка тиркемелердин жардамы менен жүзөгө ашырылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн