Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик экзамендер качан өтөрү белгилүү болду

18.05.2022 14:56
786
Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик экзамендер качан өтөрү белгилүү болду

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик экзамен 11-июнда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин “2021-2022-окуу жылында КРнын негизги жалпы, орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык, бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.


Белгилүү болгондой, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын IX класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 22-июнга чейин, XI класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 11-июндан 23-июнга чейин өткөрүлүүгө тийиш.


Жалпы билим берүү уюму өзү белгилеген күнү - окуучулардын тандоосу боюнча сабактан, сабактар тереңдетип окутулган мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн темаларды, бөлүмдөрдү эске алуу менен бир (эки) профилдик сабак.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн