Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 08:36
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Марат Иманкулов ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту

30.01.2025 17:42
213
Марат Иманкулов ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолукту


Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.


Марат Иманкулов Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 4-жолугушуусуна сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар жалпы коопсуздук маселелерин чечүү жана ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана Жакынкы Чыгыш регионунда жана бүтүндөй дүйнөдө күч алып келе жаткан окуяларды эске алуу менен түрк регионунда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн координацияны жана жамааттык аракеттерди күчөтүү боюнча аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн