Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 16:30
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Максаттарга жетүүгө карата төрт кеңеш

14.04.2025 13:57
149
Максаттарга жетүүгө карата төрт кеңеш


1. Сынга көңүл бурбаңыз

Пайдалуу сын деген нерсе жок. Башкалардын, атүгүл абройлуу адамдардын баасы – бул жөн гана субъективдүү ой. Сиздин эмгекти өзүңүздөн башка жакшы баалаган эч ким жок.


2. Жаккан иш менен гана алектениңиз

Жаккан ишиңиз жок дегенде тамак-ашка жеткидей акча алып келсин. Бирок кесиптик деңгээлиңизди жана кирешеңизди кантип көбөйтүү керектигин ойлонуп турууну унутпаңыз.


3. Ойлонуңуз

Эгер туура багытта дайыма ойлонуп турсаңыз, жаңы идеялар сөзсүз пайда болот. Анан өзүңүз да таңгаласыз, “эмнеге буга чейин эле ойлонбодум?” деп. Баары жөнөкөй – азыркы адамдар мээсин аң-сезимдүү түрдө абдан сейрек колдонушат.


4. Биринчи ийгиликсиздикте багытыңызды өзгөртпөңүз

Кайсы бир ишти баштагандан бир аз убакыт өткөндөн кийин, баштапкы шыктанууңуз басаңдайт жана бул тармак кирешелүү эмес болуп сезилиши мүмкүн. Жөн гана аракетти улантыңыз.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн