Кулжа 14, 2025
Убакыт: 06:38
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Максаттар эмнеге ишке ашпай калат?

13.06.2025 10:59
35
Максаттар эмнеге ишке ашпай калат?


Эң жөнөкөй себеп – такыр эле максат коюлган эмес.

***

Максат туура коюлган эмес: так эмес, бүдөмүк, так мөөнөтү жок. Шарттар, ресурстар эске алынган эмес, план жок ж.б.

***

Адамдар “ал максатка жетүүгө мүмкүн эмес” деп ишенишпейт.

***

Көпчүлүк адамдар ал максатка жетүүгө татыктуу экенин сезишпейт.

***

Адамдар жөн гана максатка жетүү үчүн эмне кылуу керек болсо, ошону жасашпайт. Бул көбүнчө “жалкоолук” деп аталат.

***

Максатка жеткендеги жыйынтыкты жеткиликтүү деңгээлде элестетишпейт.

***

Катуу каалоо жок. Максаттар “жакшы болмок” деген деңгээлде коюлат, “мен каалайм!” деген деңгээлде эмес.

***

Шылтоолор, жоопкерчиликти жылдыруу, актануу – чечкиндүү аракеттердин ордунда болот.

***

Коркуу. Жеңилүүдөн, ийгиликтен, сындан, баалоодон жана башка көптөгөн нерселерден коркуу өзүнө-өзү тоскоолдук жаратып, жалган жолго бурат же алаксытат.   


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн